Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо тогуз коргоол, шахмат  боюнча өткөн мелдештин жеңүүчүлөрү сыйланышты (фото)

Turmush -  Кочкордо мектеп окуучуларынын арасында тогуз коргоол, шахмат боюнча мелдештер өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районундагы Капар Кыдыралиев атындагы орто мектебинде Кочкор райондук билим берүү бөлүмү жана Балдар жана өспүрүмдөр спорттук мектебинин уюштуруусунда өткөн мелдештердин жыйынтыгында тогуз коргоол боюнча 1-орунду Аблес уулу Алайдар, 2-орунду Капар Кыдыралиев, 3-орунду Шапак Рысмендеев атындагы орто мектептеринин окуучулары жеңип алышты. Ал эми, шахмат оюну боюнча 1-орунду Аблесов Алайдар, 2-орунду Капар Кыдыралиев, 3-орунду Ишенаалы Арабаев атындагы орто мектептеринин окуучулары ээлешти. Байгелүү орундарды ээлеген командалар 1-2-3-даражадагы дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 885
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×