Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкордо ветеринарлар малдын өпкө-боорун сатып алып, чуңкурларга көмүү демилгесин көтөрүштү

Turmush -  Кочкор районунда ветеринардык кызматкерлер малдын өпкө-боорун сатып алып, аларды беккари чуңкурларына көмүү демилгесин көтөрүп чыгышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, Кочкор районунда өткөн ветеринарлар ассоциациясынын жыйынында малдын өпкө-боорунан жугуучу оорулар көбөйүп жаткандыгы айтылды.

«Ыйлаакча болуп калган өпкө-боорду мал ээлери ыргытып же итке берип койгондуктан ар кандай жугуштуу оорулар жайылып жатат. Ошондуктан айылдык кеңештин сессиясында ушул маселени коюп, жергиликтүү бюджеттен 20 миң сом акча карап беришсе. Мал сойгондордон өпкө-боорду 100 сомго сатып алып, беккари чуңкурларына көмүү керек», - деп билдиришти жеке ветеринарлар.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1128
Көп окулду
×