Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 21.12.2017 17:15

Кара-Суунун Ак-Талаа  айылына муз аянтчасы ачылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагындагы Ак-Талаа айылында муз аянтчасы ачылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айылдык жаштар кабарлашты.

Маалым болгондой, муз аянтчасынын ачылышына Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Айбек Осмонов, айылдык кеңештин депутаттары жана айыл тургундары катышты. Айылдык муз аянтчасын куруу демилгесин айыл тургуну Бакыт Эгембердиев көтөрүп, дене тарбия мугалимдерине музду тоңдуруунун ыкмаларын үйрөткөн.

Мындай жылгаяк аянты жакында коңшу Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө айылдарына да уюштурулмакчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×