Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Туздагы 10 жыл мурун курулган мектептин имараты текшерилип жатат (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Туз айылындагы орто мектептин имараты текшерилүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына айылдын тургундары билдиришти.

Белгилүү болгондой, Туз айылындагы орто мектеп 2007-жылы чет өлкөлүк долбоордун эсебинен курулган.

«Окуучулардын баштары ооруп, эстерин жоготуп жыгылып калган учурлар болгон. Мектеп эски мүрзөлөрдүн үстүнө курулгандыктан куран да окутулган. Бирок окуя кайталанып, жыйырмага чукул окуучу баштары ооруп, ооруканага кайрылышкан», - деп билдиришти тургундар.

Мектептин жетекчилиги имаратта кооптонуунун себеби жоктугун айтышууда. Ал эми райондун акими Нурлан Керимкулов мектептин имаратына атайын текшерүү жүргүзүү үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигине кайрылуу жолдогон. Анын натыйжасында мектептин зыяндуулугун текшерүү үчүн комиссия келип, дубалдын ортосундагы пена алынып, текшерүүгө жөнөтүлдү.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3450
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×