Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Өлкө башчы Кочкор районунун эли менен жолугушту (фото)

Turmush -  Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков кечээ, 10-январда Кочкор районунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, президент Сооронбай Жээнбеков 9-январда «2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө» жарлыкка кол койгонун жана анын алкагында аймактарда иш орундарын түзүү, керектүү инфраструктуралык курулуштарды жана социалдык объектилерди куруу, аймактарды өнүктүрүү жана калктын турмушун жакшыртууга багытталган пландуу жумуш аткарыларын эскертти.

Жолугушуу учурунда президент өзүнүн мамлекет башчысы кызматындагы тышкы саясат ишмердиги тууралуу маалымат берди. Ал расмий жана жумушчу сапарлар менен коңшу мамлекеттерге барганын белгиледи. Мындан тышкары, дин тармагы, мамлекеттик тилди өнүктүрүү, тарыхты жана маданий мурасты сактоо, элдин биримдиги идеологиясын бекемдөө боюнча бардык башталган мамлекеттик реформалар натыйжалуу улантыларын кошумчалады. Жергиликтүү калктын суроолоруна жооп берип жатып, 2018-жылдан тартып, Мамлекеттик ипотекалык компания турак-жайларды сатып алууга насыяларды мамлекеттик кызматкерлерге гана эмес, бардык каалоочу кыргызстандыктарга жылдык 8 пайыз менен бере баштарын жана келечекте ипотекалык насыялоонун пайыздык чендери жылдык 6 пайызга чейин төмөндөй турганын эскертти.

Президенттин Жумгал жана Кочкор райондорунун жашоочулары менен болгон жолугушуусуна министрлер жана тиешелүү ведомстволордун жетекчилери катышып, жергиликтүү тургундардын суроолоруна жооп беришти. Көпчүлүк суроолор социалдык жана инфраструктуралык объектилерди, ирригациялык объектилерди куруу, ЕАЭБдин алкагында айыл чарба соода-сатыгы, фитосанитардык жана ветеринардык көзөмөл, азык-түлүк коопсуздугу тууралуу болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1547
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×