Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Кочкорлук музыкант Арген тамада катары да элге кызмат кылууда (фото)

Turmush -  Кочкор районунун 19 жаштагы тургуну Саатбек уулу Арген гитарада, комузда, аккордеондо ойноп, тамадалык өнөрү менен да элге кызмат кылып жатат. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда И.Арабаев атындагы университетте 2-курста окуйт.

«2007-жылы Кочкор районундагы балдар музыкалык мектебине хор, вокал, комуз боюнча ийримдерге катышкам. Бул жылдары ар кандай ийгиликтерди жараттым. 2017-жылы Бишкек шаарындагы өткөн «Жаш толкун» сынагында 1-орунду ээледим. 2016-жылы Ысык-Көлдө өткөн Көчмөндөр оюндарында 1000 комузчунун арасында комуз черттим», - деди ал.

Арген буга катар эле тамадалык ишиндеги кызыктуу окуяны айтып берди.

«Күмөндөр Абыловдун уулунун үлпөт тою өтүп жаткан болчу. Толкундандымбы, айтор тойду баштар замат эле күйөө балдарын жана өкүл апаларын чакырып алып оюн ойнотуп кирдим. Аны байкаган Боорончу Кудайбергенов мага жардам берип тойду өзү улап кетти», - деди ал.

Музыкант-тамада үй-бүлөдө 2 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1523
Көп окулду
×