Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кочкордо жергиликтүү көйгөйлөр талкууланды (фото)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак жана Кара-Суу айыл аймактарындагы жыйын облустук бийликтин катышуусунда өттү. Жыйында айыл өкмөт башчылары 2017-жылды жыйынтыктаган отчетторун беришти, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, алгач жыйын Талаа-Булак айыл аймагында уюштурулуп, ага Дөң-Алыш жана Комсомол айылдарынын тургундары катышты. Айыл өкмөт башчы Белек Жолдошбек уулу өткөн жыл ичинде аткарылган иштер, аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсү тууралуу баяндама жасап, көрсөткүчтөрү боюнча презентация кылды. Жыйындын кийинки бөлүгү суроо-жооп иретинде өттү.

Кийинки жолугушуу Кара-Суу айыл аймагында өткөрүлдү. Аталган айыл аймакка караган Орток, Ак-Талаа, Кара-Мойнок, Мантыш, Кызыл-Дөбө айылдарынын тургундары айыл өкмөт башчысынын маалыматын угуп, суроолорун жолдоду. Жыйында сугат суулары, көпүрөлөр, жолдордун абалы, мектеп, бала бакча көйгөйлөрү, саламаттыкты сактоо, жөлөк пул, кадр тандоо, кызмат көрсөтүү, үрөн чарба маселелери көтөрүлдү. Ошондой эле, облус башчысы А.Кайыпов Кара-Суу айыл аймагынын башчысы Айбек Осмоновго сын айтып, жетекчилерди калк менен тыгыз иштешүүгө чакырды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1549
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×