Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: Россияда иштеп келген Ж.Ибраимова жумушсуз келиндерди чогултуп, тигүү цехин ачты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Кош-Дөбө айыл аймагында жумушсуз келиндер тигүү цехин ачып иш алып барышууда. Алардын иши менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы таанышып келди.

Россияда иштеп жүрүп жакында эле айылга келген Жайлоогүл Ибраимова өзү сыяктуу жумушсуз келиндерди чогултуп, тигүү цехин ачкан. Жазгүл Калиева, Айгүл Качаганова, Нургүл Кулчунова, Фарида Байсубанова сыяктуу беш келин биригип, «Ынтымак» жамаатын уюштурушту.

«Айылдагы жумушсуз келиндер чогулуп, тигүү цехин ачтык. Азырынча белдемчи, чыптама, халат, туника, спорттук шымдарды тигип жатабыз. Ачылганыбызга бир ай боло элек болсо да кардарлар келе баштады. Эгер суроо-талап болсо кыздын себин жасап беребиз. Септи кардардын каалоосуна жараша 8-12 даана жууркан, төшөк 4-8ге чейин жер төшөк, ала кийиз, шырдактары менен он эки жаздыкча кошуп даярдайбыз. Баалары арзан», - деди Ж.Ибраимова.

Белдемчи жана чыптамалар 800-1000 сом, халат 700-800 сом, спорттук кийимдер 400-600 сомго чейин бааланууда.

«Андан сырткары чак келбей калган кийим-кечелерди оңдоп берүүдөбүз. Учурда эски кийим тигүүчү машиналар, жабдуулар менен иштеп жатабыз. Колунда барлар же донор уюмдар демөөрчүлүк кылса, кийим тигүүчү жабдууларды жаңыртсак жакшы болмок», - деди ал.

«Ата көргөн ок жонот, эне көргөн тон бычат» дегендей. Ж.Ибраимованын раматылык апасы Нурбүбү Оторбаева да кезинде тигүүчүлүк кесип менен алектенип, чебер уз болгон.

Жайлоогүл буга чейин Бишкекте тигүү цехтеринде иштесе, кийин оокат кылуу үчүн жолдошу менен Россияда ар кандай жумуштарда иштеп жүрүшкөн. Азыр жолдошу Турсунбек Осмонов тигүү цехинде бычмачы.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3306
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×