Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкорлук айдоочулар Кочкор — Ормон хан унаа жолуна кум төгүп, оңдоп чыгышты (фото)

Turmush -  Кочкор районунун жүргүнчү ташуучу айдоочулары Кочкор — Ормонхан унаа жолундагы чуңкурларга кум төгүп чыгышты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айдоочу Майрамбек Мусапыров билдирди.

Анын айтымында, аталган унаа жолдун 3,5 чакырымы жарактан чыгып, айдоочуларга көйгөй жаратып келген. Мындан улам Кош-Дөбө айылынын айдоочулары өздөрү жолду ондоп чыгууну демилгелешкен. Жакында Кара-Саз, Кара-Күңгөй айылдарынын жүргүнчү ташуучу айдоочулары жолдун жарактан чыккан жерлерине кум төгүп, оңдоп чыгышты.

Майрамбек Мусапыровдун айтымына караганда, мындан ары айдоочулар жолду ай сайын оңдоп турушат.

«Айдоочулар экиге бөлүнүп иштейбиз. Эми бир айдан соң кийинки топ оңдошот», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1088
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×