Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Тарых инсаны: Партиялык ишмер Баялы Исакеевдин келечегине кам көргөн Акмолдо бий

Turmush -  Сарбагыштын Надырбек уулундагы белгилүү манап Зарпбек уулу Карасай Акмолдо, Иманаалы, Өмүраалы, Курманаалы деген төрт уулдуу болгон. Уулдарын жергиликтүү молдодон окутуп, кат сабатын жойдурган.

Акмолдо жашынан калыс болуп чоңоюп, ар кандай чыр-чатактарды чечүүгө катышып жүргөн. Бийди шайлоо өткөндө Жаркынбай дегендин уулун бийдин кызмат ордуна шайлашат. Ошондо генерал-губернатордун өкүлү Жаркынбайдын уулун жактырбай, «башка талапкер тапкыла» деп бекитпей коёт. Жаңы шайлоо дайындап, Акмолдонунун талапкерлиги жактырылып, шайлоодо жеңишке жетишкен.

Семирченский облусунун аскер губернатору 1915-жылы ноябрда Верный шаарында чыгарган буйругунун көчүрмөсүндө Пржевальск уездинин Жоон-Арык болуштугуна үч жылдык мөөнөткө — 1916-1918-жылдарга волосттук башкаруучу болуп Айдар Көбөгөнов, талапкерликке Илепесь Итаяков, элдик сотко, бийдин ордуна №1 айылга Йоранку Таныстамов, талапкерликке Тилекмат Жийдебаев, №2 айылга бий болуп Акмолдо Карасаев, талапкер болуп Мансур Чолпонбаев, №3 айылга Сары Жантаев, талапкер Матабек Атаманов, №4 айылга Орозалы Токоманов, талапкер Байбосун Сарин, №5 айылга Абдраван Кулболотов анын талапкери Токтосун Капсаламов, № 6 айылга Абдылда Солтонкулов, талапкери Жунус Мамажанов дайындалганы айтылат. Аталган архивдик маалыматта жогорудагы бийлердин ичинен Акмолдо Карасаев 1908-жылы 44 жашында, 1912-жылы 50 жашында Жоон-Арык болуштугунун экинчи айылына судья болуп шайланганы, 26 шайлоочу колдогону тууралуу маалымдалган.

Падышалык жобого ылайык бийлер генерал-губернатор тарабынан үч жылга элдин тандоосу менен дайындалган. Ар бир бийдин кызматына эки талапкер тандалган, бирок талапкерди бий кызматына бекитүү укугуна губернатор гана ээ болуп, жаңы шайлоолорду дайындаган. Ал ооруп же каза болгон учурда анын милдетин губернатордун макулдугу менен судьялык талапкер аткарган. Бий менен казылар институту падышалык соттордун катарында сакталып калган. Соттордун тутумун судьялар (бийлер, казылар), судьялардын курултайы, бийлердин чукул курултайы түзгөн. Бул учурда бийлер жана казылар кылмыш жана жарандык иштерди карашкан, бирок алардын милдетинен мамлекеттик маанидеги мамлекеттик кызматка тиешелүү өзгөчө коркунучтуу жана башка талаштар, ошондой эле орус улутуна тийиштүү – орус айылында жашагандардын иштерин кароо ыйгарым укугу алынып салынган. Жарандык талаштар, кыргыз жана башка улуттардын ортосундагы доо арыздар, мындан бөлөк орус бийлигинин катышуусу менен кабыл алынган. Бий менен казылар кызматтык милдеттерин аткарууда тагынуучу өзгөчө белгилер, кызматтык мөөр, чечимдер катталуучу китептер менен камсыз болушкан.

А.Карасаев жети жолу удаасы менен бий (судья) кызматына шайланган. Анын үйүнө досу Исаке уулу Дыйканбай көп келер эле. Келгенде уулу Баялыны өңөрө келип, эрмектешип отурушчу. Алар бир туугандан артык катышып, келечектүү кылуу максатында Дыйканбайдын үч жашар уулу Баялы менен Акмолдонун бир жаштагы Калыя аттуу кызын чыбык кыркып бел куда болушат. 1900-жылдары Дыйканбай катуу оорудан кайтыш болуп, Баялы чоң атасы Исакенин колунда калат. Аймакта кадыр-баркы зор, нускалуу аяш атасы Акмолдо Исакенин үй-бүлөсүнө арка-жөлөк болуп, аяш уулу Баялыга өзүнүн нускалуу сөздөрүн көп айтар эле. Ошол эле учурда Баялыга билим да берип, сабатын жойгон. Кыргыздын алгачкы жазма акыны Молдо Кылыч Шаамыркан уулу да Акмолдодон билим алганын айтчу экен. Демек А.Карасаев бий кызматтын аркалап гана тим болбостон балдарга да билим берген, өз доорунун агартуучусу болгон.

Баялы Исакеевдин идирегин байкаган Акмолдо бий 1913-жылы Нарындагы орус-тузем мектебине өткөрөт. Бул мектеп 1900-жылы жергиликтүү болуштуктардын каражаты менен ачылган. Ошентип орус-тузем мектебинен билим алуу менен Баялы Исакеевдин кийинки ишмердигине жол ачылган. Азыр Исакеев айылында Акмолдонун учу, Маадабайдын учу деген жерлер бар. Маадабай менен Өскөнбай Акмолдонун жигиттери болгон. Алар дайым жанаша кошуна туруп, ар кандай кырдаалдарда чогуу жүрүшкөн.

1916-жылдын 25-июнунда жарыяланган Николай экинчинин жергиликтүүлөрдү тылдагы жумуштарга мобилизациялоо жөнүндө буйругу жергиликтүү бий-болуштарга түшүндүрүлөт. Орусия империясынын мурдагы коргоо министри, генерал-губернатор А.Н.Куропаткиндин аскердик-тылдык кара жумушка Түркстандагы дыйкан калктарга караганда көчмөн элдердин адамдары көбүрөөк пайызда чакырылсын деген чечими казактар менен кыргыздардын куралдуу көтөрүлүшкө чыгуусуна жол берди. Акмолдо бий «орустун куралы күчтүү, сураганын берели» деп аскерге тизме тиздирип, элди тынчтанууга чакырат. Бирок эл «Акмолдо бизди оруска кармап бергени жатат» деп, нааразычылык күч алганда, «эмне болсо да эл менен болоюн» деп, көтөрүлүшчүлөрдү жетектөөгө аргасыз болгон.

9-август күнү Кочкор өрөөнүнүн күн чыгыш тарабындагы Семиз-Бел (Кара-Күңгөй, Агөлөң, Оттук, Карашаар айылдары кирген), Жоон-Арык, Борукчу, Ниязбек болуштуктарындагы эл орустардын Столыпино (Кочкор) кыштагына чабуул коюшкан. Алардын башында Ниязбек болушунан Ормон хандын небереси Жапай Көкташ уулу, Тезекбай Түлкү уулу, Борукчу болуштугунан Ормон хандын чоң атасы Эсенгул баатырдын Базаркул деген баласынын тукумунан чыккан Рүстөм Садыров, манап Турдубай Жангелди уулу, Көчкөмбай Тагаев жана Жоон-Арык болуштугунан Надырбек уругунун манаптары, бир туугандар Көбөгөн, Дөөткул Шыгаевдер, Надырбек уругунун Абыке уулунан чыккан Акмолдо Карасаев, Семиз-Бел болуштугунун болушу, Арык тукумунан Сагын Ниязбеков жана башкалар турган. Алардын арасында карапайым кедей үй-бүлөдөн Самак Төрөгелди уулу дагы жетекчилик иштерге катышкан. Кыргыздар айылды 9-августтан 12-августка чейин курчап, урушта 100гө жакын кыргыз өлүп, орустардан бир унтер-офицер, отуздан ашык казак-орус курман болушкан. Нарын участогунун начальниги Хохалев жана тилмечи Эсенаман уулу Кылжыр 30 солдат менен Кара-Коого келе жатканын көргөн черикчи уруусунун жигиттери астынан тосуп чыгат. Чукул келгенде черикчилер чабуул койду. Солдаттар аткылаганда качырып келаткандардан экөө өлүп токтолуп калышат. Хохалев Столыпинага кирип, ал жакта жашаган орустарды кошуп үчүке элин каптады. Аңгыча Сагын болуш Ниязбек уулу 80-90 жигитти менен, көчүп кеткен байдын коргонуна аскерден мурда жетип, бакка жашынып аткылашат. Сагын болушта орустардан колго түшүргөн 20-30 орус мылтыгы бар экен( Бул тууралуу Белек Солтоноев Кызыл кыргыз тарыхы китебинде эскерген). Кыргыздардын огунан эки–үч солдат аттан жыгылып, калганы кайта Кара-Коого кире качышат. Артынан Дөөткул Шыгаев, Сагын болуш, Акмолдо бий,Тезекбай Түлкү уулу баштаган Арык тукуму ,Үчүке эли, Надырбек сарбагышы кошулуп миң чамалуу кол каптады. Хохалев аскери менен бир коргонго жашынып пулёмот менен аткылашат. Үч күндүк кандуу кармаштан кийин падышалык оторчул бийликтин Нарын участогунун начальниги Хохалев аскердик топ менен селодон орус тургундарын алып качып, көтөрүлүшчүлөр 11-августта Столыпина селосун талкалашкан. Эртеси 12-августта Кочкордун күн чыгыш аймагындагы Ниязбек, Борукчу жана Жоон-Арык үч болуштуктун Эсенгул эли Ормон хандын бир тууган иниси Түлкүнүн уулу Тезекбай манапты хан шайлашкан. Жетекчиликти колуна алган Тезекбай түтүнгө бирден кишини аскердикке жыйнай баштаганда орустардын жазалоочу аскер оряддары Кочкорго жакындап калды деген имиштердин тарашы менен ал иш аягына чыкпай калган.

Эл бөлүнүп качып, Беделди ашып Үч-Турпанга барышты. Турпанда эл ачкадан кыйналып турганда Акмолдо бий «Кыздын жаманы – ашырат» деп кызы Калыяны уйгур байы Сейдимбайга берет. Ошону менен Сейдимбай бүт Абыке уулуна каралашып, баарына кызмат таап берип, жандарын багып жакшы жашашат. Калыя Сейдимбайдан бир уул төрөйт. Безгек оорусуна чалдыккан Калыя ажырашып ата-энеси менен Кочкорго келет. Кичине кезинен бирге чоңойгон Баялы Исакеев менен Калия үйлөнүп, бирге түтүн булатышат. Кытайдан кайтып келгенден кийин да Акмолдо Баялыга канат бутак болуп келген. 1924-жылдары Баялы Исакеев Казак АССРинин Лепси уезддик партия комтетинин үгүт-насыят бөлүмүнүн жетекчиси болуп иштеп турганда, Калыя учук оорусуна чалдыгат. Ал учурда бул дартты айыктырууга медицинанын күчү жете элек болчу. Баялы Жети-Суу уезддик катчысына «аялым Калыяга бул жердин абасы жакпай ооруга чалдыкты. Ушул себептүү мени Пишпекке которуп коюуңузду өтүнөм» деп кат жолдойт. Баялыны кичинесинен билген, анын келечегине ишенген насилдүү, адамкерчиликтүү Акмолдо «уулум, силердин кыйын абалга туш болгонуңарды көрүп турам. Алдыда эл керегине жарачу иштериң көп. Калыя болсо сенин иштериңе жардамын тийгизе албайт» деп мыйзамдуу жол менен ажыраштырып алып кетет. Баялы кийин Абай Кунанбаевдин чөбөрөсү Муслима Байгалы кызына үйлөнүп, партиялык түйшүктүү иштерин улантат. Акмолдо кызын дарылатып Акмолдоева Калыя Элкомдо (Аялдар советинде), кийинчерээк Кочкор райкомунда, кайсы бир фабриканын жетекчиси болуп иштеген. 1955-56-жылдары Акмолдоева Калый Кашгарга баласына барып келген. Кийин Кытай менен Советтер Союзунун мамилеси бузулганга байланыштуу алардын байланышы үзүлгөн. Аккан арыктан суу агат дегендей Акмолдонун тукумдары ар кандай кызматтарда иштеп келе жатышат. Совет өкмөтүнүн алгачкы жылдарында Акмолдо кайрадан Турпанга кетип ошол жакта дүйнө салган деген маалымат бар.

Маалыматты Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Майрамбек Деркенбаев чогултту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1825
×