Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Жаш талант: 9 жаштагы Үмөт Зайнидин Иманалиевдей белгилүү комузчу болгусу келет (видео)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун 9 жаштагы тургуну Үмөт Бектурганов искусство мектебинде комуз чертүүнү үйрөнүп жатат. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

Үмөт Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназияда 3-класста окуйт. Мындан тышкары, ал М.Мусулманкулов атындагы искусство мектебинде комуз бөлүмүндө билим алып жатат. Ал келечекте Зайнидин Иманалиевдей белгилүү комузчу болгусу келет. Ага комуз черткенди аталган комузчу үйрөтүүдө.

«Учурда «Желдирме» (автору З.Иманалиев), «Кыз кербез», «Керөзөн» жана «Бала кербез» күүлөрүн черткенди билем», - деди ал.

Үмөттүн атасы Азамат Бокошов РЭСте башкы инженер болуп эмгектенсе, апасы Нургүл Мамырова үй кожойкеси. Ал эми, чоң апасы Калиман Кадыбаева ооз комуз чертет.


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 934
Көп окулду
×