Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордо бир жылда 26 карышкыр, 7 бөлтүрүк жана 36 чөө жол кылынды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда мергенчилер тарабынан өткөн жылы 26 карышкыр атылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Аңчылык департаментинин кызматкери Арсыгул Жолдошов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы карышкырлардан тышкары 7 бөлтүрүк жана 36 чөө жок кылынган. Алардын терилери мамлекетке өткөрүлүп берилди.

«Өкмөт тарабынан бекитилген чечим боюнча, бир баш карышкыр аткан адамга 6 миң сом, бөлтүрүккө 1500 сом, бир чөөгө 2 миң сом төлөнөт. Бул боюнча атайын комиссия түзүлүп, анын курамына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана департаменттин кызматкерлери киргизилген. Карышкырды аткан адам комиссияга алып келет. Алар аны каттап, башка жерден акча албашы үчүн териге белги коюлат. Андан кийин атайын эсеп ачылып, акча которулат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 817
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×