Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-май
Нарын

Кочкор—Балыкчы кичи автобустук каттам ачылды

Turmush -  Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда Кочкор—Балыкчы маршруттук каттамы ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондун автобекетинин башчысы Жекшенбүбү Керимбекова билдирди.

Анын айтымында, кичи автобус Балыкчыдан саат 11:00дө Кочкорго, ал эми саат 14:00дө Кочкордон Балыкчыга каттап баштайт. Жол кире акысы бир жүргүнчүгө 80 сомду түзөт. «Мындан тышкары, Нарын—Кочкор маршруттук каттамын ачууну пландап жатабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1231
×