Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-февраль
Нарын

Кочкордун гүлбакчасындагы таштанды төгүүчү жай жабылды (фото)

Turmush -  Кочкор районунун «Сейил» гүлбакчасындагы таштанды төгүүчү жай жабылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына аталган гүлбакчасынын директору Самет Нурмамбетов билдирди.

Кочкор кыштагынын так ортосунан орун алган «Сейил» гүлбакчасында таштандыларды төгүүчү жай орун алган. Өткөн жылы Кочкор айыл өкмөтү таштанды төгүүчү жайды пескоблок менен тостурган болчу. Бирок ага карабай айыл тургундары акыр-чикирлерди төгө бергендиктен паркка келген эс алуучуларды иренжитип келген. Таштанды төгүүчү жайдан 15-20 метр алыстыкта кинотеатр жана социалдык башкармалыктын имараты да жайгашкандыктан, таштанды төгүүчү жайды жабуу чечими кабыл алынды. «Сейил» гүлбакчасынын директору С.Нурмамбетовдун айтымында, мындан ары паркка таштанды төгүлбөйт, кирген унаалар текшерилип турат. Учурда таштандылар тазаланып, анын орду түздөлдү.

Буга чеийн Кочкор районундагы «Сейил» гүлбакчасына таштандылар төгүлүп жаткандыгын аймактык кабарчыга эс алуучулар билдиришкен болчу.

Алардын айтымында, аталган гүлбакчада таштандыларды төгүүчү орун бар. Бирок ал жерге гүлбакчанын айланасындагы тургундар да таштандыларын төгүп кетишет.

«Таштанды төгүүчү жайдан 15-20 метр алыста кинотеатрдын жана социалдык башкармалыктын имараты жайгашкан. Ошондуктан таштанды төгүүчү жайды башка жерге которушса жакшы болор эле», - деп билдиришти эс алуучулар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 624
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×