Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 16.03.2018 09:18

Кочкордо «Кара-Коо периси» наамынын ээси аныкталды (фото)

Turmush -  Кочкор районунда Н.Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясында «Кара-Коо периси» кароо-сынагы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган кароо-сынакка 9-10-класстарынын окуучулары катышты. Сынактын жүрүшүндө алар Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынан образ жаратуу, белгилүү айымдардын өмүр баяны боюнча суроо-жооп, региондорду өнүктүрүү боюнча долбоор жактоо тапшырмаларын аткарышты.

Сынактын жыйынтыгында 9-класстын окуучусу Айжамал Молдалиева «Кара-Коо периси», 10-класстын окуучусу Талантбек кызы Динара «Акылдуу кыз» жана 9-10-класстарынын окуучулары Алмазбек кызы Жаннат, Салыкеева Айдана «Сүйкүмдүү окуучу» деген наамдарга татыктуу болушуп, баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×