Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Нарын облусуКочкор району 23.03.2018 12:04

Айыл турмушу: Согуш учурунда уйдун жампасындагы дан менен күн өткөргөн Ш.Шалпыкова 102 жашка чыкты (фото)

Turmush -  Кочкор районундагы Ак-Учук айылынын тургуну Шамшия Шалпыкова 102 жашка чыкты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Шамшия апа 1916-жылдагы Үркүндүн алдында төрөлгөн. Жолдошу Тынымсейит 1990-жылы 96 жашка чыгып каза болгон. Учурда Шамшия апа бир уул, бир кыздын энеси. Уулу Мукай 72 жашка чыгып, Ак-Учук айылында өзү менен бирге турат. Кызы Гүлнара Дөң-Алыш айылына турмушка чыккан, азыр 56 жашта.

Шамшия Шалпыкова согуш учурунда тылда эмгектенип, күндүзү буудай оруп, чөп чаап, жер сугарган. Ал эми түнкүсүн мээлей тигип, фронттогу жолдошуна кат жолдогонун эскерди.

«Согуш учурунда жана андан кийин да көп азаптарды көрдүк. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда уйдун жампасын талкалап, арасындагы данды ташка жанчып сууга кымыран кылып ичкен күндөр болду. Силердин жашоодой жыргал барбы... Үркүн учурунда 3-4 айлык кыз экенмин.

Келиним, уулум кадырлап турушат. Кочкордун акими Нурлан деген бала экен. Абалымды сурап, чай-чамегин берип, бата алып кетти. "Бата берип коюңуз" деп келгендерге ак батамды берем. Кудайга шүгүр жашты жашадым. Кудай мени көп азап чектиң, эми узак жаша деген окшойт», - деди Шамшия апа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×