Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуКочкор району 23.03.2018 12:46

Айыл турмушу: Бизде узак жашаган адамдар 50-60 жашка чейин чыгат, - памирлик Исламидин мырза (фото)

Turmush -  Кочкор районунда жашап жаткан памирлик кыргыздар да Нооруз күнүн шаңдуу майрамдашты. Памирлик Насирдин уулу Исламидиндин айтымында, Нооруз күнү Кичи Памирде унутулуп калгандыктан аны эч ким майрамдашпайт.

Насирдин уулу Исламидин Кочкордогу майрамга бир туугандары жана үй-бүлөсү менен келип катышты.

«Бизде майрам болбойт. Чоң айт, кичи айт деген эки эле майрам бар. Ноорузду белгилебейбиз. Мурда белгилешчү экен. Сиздерде жакшы экен. Жергиликтүү бийлик 8-мартта дагы аялдарды майрамдатты. Бул жердеги Ноорузда биз көрбөгөн тамак-аштын түрлөрүн жедик. Баардыгы бизди урматташып, тамак-аштан ооз тийгизишти.

Бизде узак жашаган адамдар 50-60 жашка чейин чыгат. Сиздерде 70-80 жаштагы карылар тың болушат экен», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×