Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 24.03.2018 11:15

Фото — Кочкор айыл өкмөтүнүн жаңы башчысы эмгек жамааты менен таанышты (өмүр баяны)

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн жаңы шайланган башчысы Абакиров Рахатбек Болотбекович кызмат ордуна отурду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп шайланган Рахатбек Абакировду эмгек жамаатына Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Кочкор аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Темиркул Тилемишов тааныштырды.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2018-жылдын 27-февралындагы №38 токтому менен 16-мартта Кочкор районунун Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо болуп өткөн. Анда үч талапкер ат салышып, айылдык кеңештин депутаттарынын көпчүлүк добушун алган Абакиров Рахатбек Болотбекович Борбордук шайлоо комиссиясынын 2018-жылдын 20-мартындагы №56 токтому менен Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп табылган.

Өмүр баяны:

Абакиров Рахатбек Болотбекович 1972-жылы 7-августта Бишкек шаарында туулган.

- 1990-1995-жылдары К.И.Скрябин атындагы Кыргыз айыл чарба институтунун механизация факультетинде билим алып, инженер-механик кесибине ээ болгон.

Эмгек жолу:

- 1997-1998-жылдары Нарын МПКХ ишканасында улук-оператор;

- 1998-1999-жылдары Кыргыз Республикасынын Нарын облустук мамлекеттик техникалык инспекциясында инспектор болуп иштеген;

- 1999-2001-жылдары Кочкор райондук социалдык фонд бөлүмүндө жетектөөчү адис;

- 2001-2004-жылдары Кочкор райондук Социалдык фонд башкармалыгында башкы адис болуп эмгектенген;

- 2004-2005-жылдары Кочкор райондук Социалдык фонд башкармалыгынын кирешелер бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген;

- 2005-2008-жылдары ФСИнин АБР долбоорунда мүчө жана долбоор жетекчиси болгон;

- 2008-2009-жылдары Кочкор районундагы Сары-Булак айыл өкмөтүндө социалдык адис болуп иштеген;

- 2016-жылдан бери «Кипарис» ишканасынын башкы директору болуп иштеп келе жаткан.

Үй-бүлөлүү, 2 уул, 2 кыздын атасы.

Тема боюнча: Кочкор айыл өкмөтүнүн башчысы болуп Рахатбек Абакиров шайланды

Кочкор айыл өкмөтүнүн башчылыгына төрт талапкер катталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×