Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуКочкор району 31.05.2018 13:52

3 адамдын өмүрүн алган жол кырсык: Ысык-көлдүк бир туугандар каза болушту (толукталды )

Turmush -  Кечээ, 30-майда Кочкор районунун Сары-Булак айылында 2 унаа катышкан кырсыктан 3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алды.

Нарын ОИИБдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн маалыматына караганда, ушул жылдын 30-майында саат 18:55 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 275-чакырымында Ысык-Көл районунун тургунунун башкаруусундагы «Ауди-100» үлгүсүндөгү унаа Ысык-Көл облусунан Нарын шаарына бара жатып маңдайында карама-каршы келе жаткан Токмок шаарынын тургунунун башкаруусундагы «Хонда Фит» автоунаасы менен кагышкан. «Хонда Фит» унаасы Нарындан Бишкек шаарын көздөй бара жаткан. Жол кырсыктын кесепетинен 3 адам (2 эркек,1 аял) каза болуп, 6 адам оор жаракат алган.

«Ауди-10» унаасынын айдоочусу А.И. эжеси Т.И. жана «Хонда Фит» унаасынын жүргүнчүсү К.С. окуя болгон жерден каза болушкан.

Окуя болгон жерге Кочкор РИИБдин ЖКККБнын кызматкерлери барып, териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

«Ауди-100» үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн тизмеси:

- 1967-жылы туулган А.И., Ысык-Көл районунун Бостери айылынын тургуну (айдоочу);
- 1970-жылы туулган Т.Т. (айдоочу А.И.нин аялы);
- 2009-жылы туулган Н.Б. (айдоочу А.И.нин кызы);
- 1950-жылы туулган Т.И. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну (айдоочу А.И.нин эжеси);
- 2010-жылы туулган С.К. (Т.И.нин небереси);
- 1985-жылы туулган М.И., Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылынын тургуну;
- 2016-жылы туулган А.И. (М.И.нин кызы);
- 2003-жылы туулган Э.М. Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын тургуну

«Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаанын ичиндеги жүргүнчүлөрдүн тизмеси:

- 1987-жылы туулган И.Б., Токмок шаарынын тургуну (айдоочу);
- 1993-жылы туулган Д.Т., Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну;
- 40-50 жаш курактагы азиат түспөлүндөгү эркек киши (аты-жөнү такталып жатат).

Ал эми Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын маалыматына караганда, жол кырсыктан жаракат алган 8 адамдын абалы учурда туруктуу. Сыныктар бөлүмүнүн бөлүм башчысы Кубан Борсокеевдин айтымында, сыныктар бөлүмүнө кечки саат 20:00-24:00 убакыт аралыгында 2016-жылы туулган И.Азиса, 2009-жылы туулган Б.Нуркыз, 2011-жылы туулган К.Самира, 1985-жылы туулган И.Мээрим, 1993-жылы туулган Д.Турсунбек, 1970-жылы туулган Т.Толгонай, 2003-жылы туулган М.Эламан, 1987-жылы туулган Б.Ильичбек келип түшкөн. 2016-жылы туулган И.Азиса кечээ, 30-майда жандандыруу бөлүмүнө түшүп, абалы жакшыртылгандан кийин үй-бүлөсүнүн макулдугу менен үйүнө чыгарылган. 2003-жылы жана 2011-жылы туулган бейтаптарды ата-энесинин тил каты менен Кочкор райондук ооруканасына, ал эми бир жабырлануучу Бишкек шаарына томорафияга текшерилүүгө жөнөтүлдү. Калган ооруканада жаткан 4 бейтаптын абалы туруктуу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×