Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 20.08.2018 14:19

Көк-жарлык тургундар жол жана арык оңдоп, эмгек акысына азык-түлүк алышты (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Көк-Жар айылынын тургундары 1,3 чакырым арык тазалап, тоого барчу 10 чакырым жолду оңдоп, эмгек акысына ун жана суу май алышууда. Бул тууралуу айыл өкмөт башчысы Жылдызбек Сабыржанов билдирди.

Анын айтымында, аталган иштерди аткаруу үчүн БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасына долбоор жазылган.

«1 км 300 метр арык казылып оңдолду. Аз камсыз болгон 16 үй-бүлө иштеп, эмгек акысына 309 кг ун, 35 литр суу май алышты.

Мындан тышкары тоого кетчү 10 км жолду оңдоо үчүн атайын долбоор жазылып, бул ишке 34 аз камсыз болгон үй-бүлө тартылды. Жакын арада иш башталат. Аларга дагы буюрса ушундай ун жана май берилет», - деди Ж.Сабыржанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×