Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 20.08.2018 21:51

Кочкордо өзгөчө кырдаалдан сактануу эрежелери боюнча окуу өттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон, Семиз-Бел, Ак-Кыя айыл аймактарынын жашоочуларына өзгөчө кырдаалдан сактануу эрежелери түшүндүрүлүп, окутуу иштери жүрдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары Т.Мамбеталиев маалымдады.

Анын айтымында, өкмөттүн «Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын жана күчтөрүн даярдоонун жана жарандык коргонуу тармагында калкка маалымат берүүнүн бирдиктүү системасы жөнүндө» токтомуна жана Кочкор районунун акиминин буйругуна ылайык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жарандык коргонуу адистерин даярдоо жана кайра даярдоо борборунун кызматкерлери тарабынан Кочкор районунун потенциалдуу коркунучу бар аймактарында жашаган калкты окутуу мерчемделген.

«Ага ылайык аталган борбордун улук окутуучусу М.Шерматов өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери менен бирдикте Чолпон, Семиз-Бел, Ак-кыя айыл өкмөттөрүнө караштуу потенциалдуу коркунучу бар аймактарда жашаган жергиликтүү калктарга табигый, техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардан сактануу ыкмалар, катталган кырсык учурунда алгачкы медициналык жардам көрсөтүүнүн эрежелери окутулду», - дейт Т.Мамбеталиев.

Окууга Чолпон айыл аймагы боюнча 69 адам, Семиз-Бел айыл аймагынан 113, Ак-Кыя айыл аймагы боюнча 62, жалпы район боюнча 224 жаран катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×