Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 22.08.2018 17:34

Талаа-Булактагы жаштар айылдагы машыгуу залын оңдоодон өткөрүүдө

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Талаа-Булак айыл аймагындагы жаштар айылдагы машыгуу залын оңдоодон өткөрүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Автандил Нурланбек уулу маалымдады.

«Айылдык кеңештин депутаттары жана айыл өкмөтү тарабынан 54 миң сом каражат бөлүнүп, ага машыгуу залын оңдоодон өткөрүп жатабыз. Мындан тышкары, жакын арада айылдын кире беришиндеги аркадан баштап борборуна чейин жаштардын күчү менен жарыктандырылмакчы», - деди Автандил Нурланбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×