Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 23.08.2018 12:19

Кочкордун Туз айылына 10 жылдык бүтүрүүчүлөр арка орнотушту (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон айыл өкмөтүнө караштуу Туз айылынын кире беришине арка орнотулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Майрамбек Кадырбеков билдирди.

Анын айтымында, бул демилгени айылдагы мектепти 10 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр колго алышкан.

«Мындай керемет арка Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Суу айылдарында гана бар. Ал эми Чолпон айыл өкмөтүндөгү айылдарда алгачкы арка пайда болду. Айыл тургундары жаштарга ыраазычылык билдиребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×