Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 30.08.2018 16:36

Кочкор районунда күзгү оруп-жыюу иштери  башталды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда күзгү оруп-жыюу өнөктүгү башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук айыл чарба департаментинин башчысы Рахат Исраилов маалымдады.

Белгилүү болгондой, учурда дан эгиндеринин түшүмүн алуу иштери Семиз-Бел аймагынан башталган. Район боюнча 7776 гектардан түшүм алынат.

«Негизинен жалпы дан эгиндеринин аянты 846 гектарга азайган. Дан эгиндеринин кыскарышы дыйкандардын буудай өсүмдүгүн азайтып жибергени менен түшүндүрүлөт. Быйылкы жылы буудайдын аянты өткөн жылга караганда 1116 гектарга аз болсо, арпанын аянты 270 гектарга көп себилди», - деди Р.Исраилов.

Райондун аймагында азыр 44 комбайн иштеп жатат. Сырттан дагы он чакты комбайн жардамга келмекчи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×