Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 04.09.2018 13:52

Айыл турмушу: Т.Осмоналиева үйүнүн бир бөлмөсүнө насыяга сулуулук салонун ачып, элеттиктерге бир ай бекер кызмат көрсөттү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын тургуну Тилек Осмоналиева насыя алып, элеттиктер үчүн сулуулук салонун ачты. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тилек Осмоналиева Кара-Күңгөй айылдык китепканасынын башчысы болуп эмгектенет. Алган айлыгы үй-бүлөлүк чыгымдарын актабагандыктан кошумча кесипке ээ болууну ойлонгон. Токмок шаарындагы сулуулук курстарынын бирине 19 000 сом төлөп, дээрлик эки ай окуган. Ал жерден чач тегиздөөнү үйрөнүп, тырмак жасалгалоонун жана макияждын түрлөрүн өздөштүрүп, үч багыттагы дипломго ээ болгон.

«Азыр ар түрдүү кесиптин ээси болуу замандын талабы. Бир кесип менен эмес, дагы эки-үч жумушту айкалыштырууну туура көрүп, сулуулук курсуна барып окудум. Жолдошум Өмүркан менин оюмду колдоп, үйдүн бир бөлмөсүн сулуулук салону кылып жасап, суу киргизип берди. Керектүү шаймандар, буюмдар үчүн бир топ каражат жумшадык. Ал үчүн 50 000 сом насыя да алдым. Азыр ишибиз жаман эмес, элге бир ай бою бекер кызмат көрсөттүк», - дейт Т.Осмоналиева.

Бул сулуулук салонунун ачылышы райондун борборунан 20 чакырым алыс жашаган Кара-Күңгөй айылынын тургундары үчүн жакшы болду. Эми кардарлар райондун борборуна каттабастан айыл жеринен чачын тегиздетип, той-топурларда жасалгалатып алышат.

Т.Осмоналиева 46 жашта. Үч уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×