Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 06.09.2018 09:47

Кочкордо акын-жазуучу И.Исаковдун ырлары көркөм окулду (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда И.Исаков атындагы райондук борборлоштурулган китепканасында акын-жазуучу, журналист Исабек Исаковдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чарага Кочкор районундагы айылдык китепканалардын башчылары катышышты. Анда акындын өмүр жолу, чыгармалары тууралуу баяндалып, анын ырларынан көркөм окулду.

Исабек Исаков — акын, жазуучу, журналист. Кочкор районундагы Теңдик совхозунда 1933-жылы 1-сентябрда туулган.

1952-жылы Кыргызстан мамлекеттик мугалимдер институтун бүтүргөн. 1952-жылдан баштап «Кыргызстан пионери» гезитинде адабий кызматкер, андан кийин адабият жана искусство, мектептер жана пионерлер бөлүмдөрүнүн башчысы, 1959-1967-жылдары жооптуу катчы болуп иштеген. 1958-жылы Кыргызстан мамлекеттик педагогикалык институтунун тил жана адабият факультетинин сырттан окуу бөлүмүн ийгиликтүү аяктаган. И.Исаков 1967-жылы жаңыдан уюштурулган «Кыргызстан маданияты» жумалыгына жооптуу катчы катары чакырылып, 1971-жылга чейин иштеген. 1971-1973-жылдары жумалыктын башкы редакторунун орун басары, 1973-1985-жылдары башкы редактор, 1985-1987-жылдары «Ала-Too» журналында бөлүмдүн редактору болуп кызмат өтөйт.

Исабек Исаковдун жаш жеткинчектерге арналган биринчи ырлар жыйнагы «Ороз менен короз» 1959-жылы, ал эми «Турсундун тамашасы» аттуу алгачкы аңгемелер жыйнагы 1960-жылы жарык көргөн. Балдарга арналган чыгармалары орус, украин, казак, өзбек, эстон, азербайжан, каракалпак жана башка тилдерге которулган. Акындын жүздөн ашуун ырларына музыка жазылган.

И.Исаков көркөм котормо жаатында да үзүрлүү эмгектенип, М.Исаковский, С.Стальский, К.Салыков, В.Шкода, Тофик Махмуд, С.Саргаскаев, Музафар Алимбаев, Борис Пак, Ильяс Тапдыг, А.Филатов, А.Дүйсембиев, С.Жиенбаев, Р.Гамзатов, А.Жамишев жана башка чыгармаларын кыргыз тилине которгон. Сынактык чыгармалары, ырлары, очерктери, поэмалары дипломдук сыйлыктарга ээ болуп, лауреаттыкты жеңип алган.

И.Исаков журналист катары көптөгөн очерктерди, публицистикалык макалаларды жазган. 1963-жылдан баштап СССР жазуучулар союзунун, 1959-жылдан тартып СССР журналисттер союзунун мүчөсү. Ошондой эле Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармасынын жана президиумунун мүчөсү, Кыргыз ССР журналисттер союзунун пленумунун мүчөсү болуп келген.

Ал «Эл агартуунун отличниги» жана «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» ардактуу наамынын ээси.

Исабек Исаковдун көп жылдык үзүрлүү эмгеги жогору бааланып, эки жолу республиканын Жогорку советинин ардак грамотасына татыктуу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×