Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 07.09.2018 11:58

Көчмөндөр оюндары: Мүнүшкөр М.Абдылдаев далба ойнотууда 1-орунду алып, жеңишин атасына арнады (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Шамшы айылынын тургуну, мүнүшкөр Муратбек Абдылдаев Ысык-Көлдө өтүп жаткан lll Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында салбурунга катышып, далба ойнотуудан биринчиликти алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Өзүнүн айтымында, Көчмөндөр оюндарына эки жыл даярданган.

«Тандоодон өткөндөн кийин коркуу сезим болгон жок. Анткени менин жети атам тең мүнүшкөр, саяпкер болушкан. Өзүмдүн атам согушка катышкан, бала кезинен куш жана аттарды таптаган адам болгон. Демек, бул өнөр атамдан калган. Ошондуктан бул оюндардагы баш байгемди атама арнайм. Бул жеңишке атамдын салымы зор. Өнөрлүү өлсө дагы, өнөрү калат деген жакшы сөз бар эмеспи. Өзүнүн көзү өтсө дагы, өнөрүн бизге, балдарына таштап кетти. Арбагы ыраазы болсун дейт элем», - деди ал.

Мүнүшкөрдүн жеңишке жетип, алтын тагынган Ташчайнар аттуу ителгиси салбурунда 11 катышуучуну артта калтырган.

«5 өлкөдөн жалпы 11 ителги оюнга катышты. Жыйынтыгында Өзбекстан 3-орунду алды. Ысык-Көлдөн катышкан ителги 2-орунга татыса, биздин Ташчайнар 1-орунга татыды. Бул жеңишибиз Кыргыстандын эсебине дагы бир алтын кошту.

Бул ителги бир гана жашта. Буга чейин райондук, облустук, республикалык салбурунда жеңиштерге жетишип, бир топ байгелердин ээси болуп, диплом, грамоталарды алып келгенбиз. Ал эми алтын медалды биринчи жолу алдык. Аябай сүйүнүп турабыз», - деди ал.

Мүнүшкөр куштарына өз балдарындай мамиле жасайт.

«Бул куштар деле жаш балдардай болот. Убагы менен тамак берип, аларга атайын убакыт бөлүп турам. Бул куштун көңүлү өтө назик болгондуктан тез таарынат. Мындан сырткары таза кандуу жылкыларым бар.

Башка куштар жакыныраак учса, ителги алыс тоолорго чейин кетип калат. Ителги салганга дагы күлүк аттар керек болот. Куш колго көнгөнгө чейин үйдөн таптайбыз, ошондой эле элдин арасына көп алып чыгып көндүрөбүз. Андан соң талаага, жайлоого алып барып бийиктикке, алыска учурабыз. Ителги катуу шамалды тоготпой, жиреп учушат», - деди мүнүшкөр М.Абдылдаев.

Далба ойнотууда кекиликтин, кыргоолдун, көгүчкөндүн куйругунан жана канаттарынын жүнүнөн даярдалган азыгырыкка коё берилген шумкардын учуу ылдамдыгы бааланат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×