Айыл турмушу: 22 жылдан бери балык сатып иштеген К.Каниетов тапкан каражатына үй курган (сүрөт)
Turmush - Кочкор районуна караштуу Сары-Булак айылынын тургуну Каныбек Каниетов жол жээгинде балык сатып ишкерлик кылат. 22 жылдан бери ушул иш менен алектенип келе жаткан соодагер менен аймактык кабарчы таанышты.
53 жаштагы Каныбек Каниетов 5 баланын атасы.
«Мен Кочкор районундагы №14 жол тейлөө кызматында 18 жыл иштедим. Жумуштан кыскаруу болуп, айлыктар өз убагында берилбей калганда балык сатып иштеп калгам. 22 жылдан бери балык сатам. Балыктардын баасы мурункуга салыштырмалуу 3 эсеге кымбаттап кетти. 1 килограммын Бишкек, Балыкчыдан 140-200 сомдон алып келебиз. Аны көлөмүнө жараша сатабыз. Мисалы, 1 даана балык 50 сомдон 300 сомго чейин болот. Өзүңөр көргөндөй атаандаштар көп. Күнүгө ар кандай акча түшөт. Ушул иш менен үй курдук десем болот», - деди ал.