Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 13.09.2018 11:12 На русском

Видео, Сүрөт — Кочкордо чет элдик фермерлер 3 өлкө өндүргөн картошканын үрөнүнө күбө болушту

Turmush -  Кочкор районундагы Дөң-Алыш айылында Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги жана россиялык айыл чарба компанияларынын катышуусунда «Картошка өндүрүүнүн алдыңкы технологиялары» аттуу форум өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Рахат Исраилов билдирди.

Маалым болгондой, форумга Германия, Белоруссия, Өзбекстан, Түркмөнстан, Россиядан жана Кыргызстандын бардык аймактарынан картошка менен иштеген фермерлер катышты. Форумдун негизги максаты – фермерлерге сапаттуу үрөн сунуштоо. Ошондой эле сапаттуу үрөндөрдү Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Казакстанга экспортко чыгаруу. Ал үчүн Кыргызтан, Өзбекстан жана Россия өндүрүшчүлөр жана ишкерлер союзу тарабынан «Семенный картофель» бирикмеси түзүлгөн. Анын негизинде Дөң-Алыш айылына 300 миң долларга 200 тонна картошка сактоого ылайыктуу логистикалык борбор курулмакчы. Ал үчүн Дөң-Алыш айылынан 10 сотых жер аянты бөлүнгөн. Логистикалык борбор курулса, ал жерде 20 киши жумуш менен камсыз болот.

Буга чейин «Семенной картофель» бирикмесине берилген Сары-Талаа участогундагы 30 гектар жерге картошка эгилип, жергиликтүү 40 тургун жумуш менен камсыз болгон. Ошондой эле Россиядан эки техника бөлүнүп берилген. Бул жерде картошканын латона, романо, пикассо сортундагы супер-элита картошкалары өстүрүлүп казылууда. Форумга келгендер жумуртканын көлөмүндөгүдөй казылып жаткан картошка үрөндөрүн көрүшүп, келерки жылы элита сортундагы картошканын үрөнүн башка айылдарга жайылтуу сунушталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×