Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 15.09.2018 13:22 Жаңыланды: 15.09.2018 15:24 На русском

Айыл турмушу: Cпортчу Дильбара Көчмөндөр оюндарында сүйүктүүсүн тапты (фото)

Turmush -  Спорттун таяк тартыш түрү менен машыгып келген Дильбар Иманканова Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында өзүнүн сүйүктүүсүн жолуктурган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Д.Иманканованын айтымында, ал Кочкор районунун Теңдик айылында 1995-жылы төрөлгөн. Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Гуманитардык факультетин 2017-жылы аяктаган. Спорттун таяк тартыш түрү менен 2016-жылдан бери машыгат. II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында сүйүктүүсүн жолуктурган.

«Жигитим дагы спорттун таяк тартыш түрү менен машыгат. 2016-жылы Ысык-Көлгө II Дүйнөлүк көчмөндөр оюнундарына катышуу үчүн барганда, мелдештин алдында таанышкан элек. Экөөбүз тең таяк тартыш менен машыккандыктан күндө эртеӊ менен анан кечинде чуркап турчубуз.

Мелдештерге дагы чогу катыштык. Ошентип, бири-бирибизге болгон жылуу сезимдер пайда болуп, экөөбүз мимиле куруп кеттик. Жакында баш кошобуз деген тилегибиз бар. Азыр дагы машыгууларга чогу барып, ар кандай мелдештерге катышып келебиз. Спортто бири-бирибизге дайыма колдоо көрөсөтөбүз», - деди ал.

Д.Иманканова 2016-жылы Бишкектин биринчилигинде таяк тартыш боюнча 1-орунду, ушул эле жылы Көчмөндөр оюндарында 3-орунду ээлеген. Ошондой эле, Дүйнө чемпиондугунда 3-орунду, 2017-жылы КРнын чемпиондугунда 1-орунду, ушул эле жылы дүйнөлүк Кубок мелдешинде 3-орунду багындырган.

Жыл сайын өткөрүлүп келаткан «Дени сак улут, өнүгүп келаткан өлкө» сынагында 1-орунду ээлеп, райондук, облустук мелдештерде алдынкы орундарга жетишип келет. Ал буга чейин дзюдо менен да машыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×