Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.09.2018 15:04

Мусабек Абдыкеримов Кочкор райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы болду

Turmush -  Мусабек Абдыкеримов Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган башкармалыктан билдиришкен.

Буга чейин бул кызматты Советбек Медетбеков аркалап келген.

Мусабек Абдыкеримов 1960-жылы 2-мартта Кочкор районунун Чолпон айыл аймагына караштуу Осовиахим айылында төрөлгөн. 1975-жылы Кара-Тоо айылындагы №15 СПТУга тапшырып, аны 1978-жылы аяктап, кенже ветеринардык фельдшер адистигине ээ болгон. 1978-1980-жылдары аскер кызматын өтөгөн.

Эмгек жолун 1980-жылы Чолпон совхозуна ветеринардык санитар болуу менен баштаган. 1981-1984-жылдары Фрунзедеги айыл чарба техникумунда билим алган. 1984-жылдан 1991-жылга чейин айыл чарба тармагында катардагы ветеринардык врачтан баштап, башкы ветдарыгерликке чейин өскөн. 1989-1994-жылдары К.И.Скрябина атындагы Кыргыз айыл чарба институттун сырттан билим алуу бөлүмүн аяктап, ветеринардык дарыгер адистигине ээ болгон. 1991-жылы айыл чарбасы менчикке тарагандан кийин, Мамлекеттик ветеринария департаментинин көзөмөл бөлүмүндө башкы адис кызматын аркалап келген. 2012-жылы КРдиг өкмөтүнүн курам түзүмү өзгөргөндүгүнө байланыштуу Кочкор район аралык санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы ачылып, конкурс аркылуу жетекчилик кызматка дайындалган. 2013-жылдан ушул убакка чейин Кочкор райондук ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик башкармалыктын жетекчисинин орун басары болуп иштеп келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×