Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 18.09.2018 09:51

Кочкордогу Кара-Күңгөй айылынын кире бериши жарыктандырылууда (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы Кара-Күңгөй айылынын кире бериши жарыктандырылууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына Кара-Күңгөй айылдык маданият үйүнүн башчысы Кенжебек Раматов маалымдады.

Анын айтымында, Кара-Саз айылынан Кара-Күңгөй айылына кире берген жол жээктерине түнкү чырактар орнотулууда. Түнкү чырактар орнотулган темир түркүктөргө айылдан чыккан белгилүү инсандардын, союз мезгилиндеги эмгек алдыңкыларынын, согуш ардагерлеринин сүрөттөрү таржымалы менен бирге илинүүдө. Жарыктандыруу ишине алардын уул-кыздары кол кабыш кылып жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×