Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 21.09.2018 11:36

Айыл турмушу: Ашпозчу болуп иштеген 22 жаштагы Бектур кесибинин артыкчылыктарын санады (фото)

Turmush -  Кочкор районунун Чоң-Туз айылынын 22 жаштагы тургуну Доктурбек уулу Бектур ашпозчу болуп эмгектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал 2014-жылы Бишкек шаарындагы №10 кесиптик лицейин окуп бүткөн.

«Учурда шаардагы кафелердин биринде ашпозчу болуп эмгектенем. Мындан сырткары, чакыруу боюнча тойлорго барып, тамак-аш, салаттарды, таттуларды жасайм. Бул кесипти тандаганымдын себеби, биринчиден курсагың ток болот. Экинчиден, жылуу жерде иштейсиң. Үчүнчүдөн, ашпозчулук кесип жеңил сезилет. 2015-жылдан бери иштеп келем. Улуттук тамак-аштарды, европа, кытай, италия ашканаларындагы тамак-аштарды жасайм. Буйрутма менен тойлорго барганда киши башына 200 сом алам», - дейт жаш ашпозчу.

Анын айтымында, жумуш учурунда дагы кызыктуу учурлар болуп турат.

«Окуп жүргөндө бизди практикага жиберишти. Башкы ашпозчу "цветная капуста алып келчи", деп жиберип калды. Мен ал эмне экенин билбейт элем, муздаткычка барып карадым. Кайра келип "жок экен" дедим, кайра жиберди, кайра барып таппай келдим. Бир маалда башкы ашпозчу мени муздаткычтын жанына атайын ээрчитип барып, "цветная капуста ушул" деп көргөзгөн эле. Бир чети күлкүм келип, бир чети жаман болгом. Ушул окуя эч эсимден кетпейт», - дейт төрт бир туугандын улуусу Бектур.

Ал мындан тышкары айылда дыйканчылык менен алектенет. Ал келечекте кафе ачууну көздөйт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×