Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 25.09.2018 23:58

Тарых инсаны: Кыркынчы жылдардын каарманы — Т.Буудайчиев (сүрөт)

Turmush -  Союз учурунда мамлекетке ак кызмат өтөп, кыска өмүр сүргөн инсандардын бири Төлөнбай Буудайчиев. Ал 1921-жылы Семерчинск ( Жети-Суу) областындагы Пржевальск уездинин Жоон-Арык болуштугунда ( азыркы Кочкор районунун Теңдик айылы) туулган. 1926-жылы энесинен ажырап жетим калып, атасы Буудайчы Осмон уулунун колунда калат. Сегиз жашында атасынан да ажырап, эжесинин колунда тарбияланат. Эжеси 1930-жылы Төлөнбайды интернатка өткөрөт. Ал жерде 1939-жылга чейин билим алып, жетинчи классты жалаң «5» деген баалар менен аяктайт. Ошол жылы эле Кочкор айылдык советинин депутаты болуп шайланып, эмгек жолун баштайт.

1940-1943-жылдары Кочкор селолук советинин секретары болуп турган. Анын ишке болгон ынтаасын байкаган Кочкор райком партиясы 1943-жылы завучеттук кызматка кабыл алат. Ошол эле жылдын июль айында Кочкор райондук «Кызыл мал чарба» (азыркы «Эмгек Туусу») гезитине жоопту редактор болуп дайындалат. Ошону менен бирге Кочкор селолук советинин төрагасы кызматын аркалайт. Бул мезгил Улуу Ата Мекендик согуштун катуу жүрүп турган учуру эле. Ошол кездеги саясий абалды, фашисстик Германиянын баскынчылыгын ашкерелеген, карапайым совет элин жеңишке үндөгөн макалаларды жазып турду. Кырчындай жигиттердин согушка кетип жатканын көргөн Төлөнбай тынчып туралбады. 1943-жылдын август айында Аскер комиссариатына арыз жазып, согушка жөнөтүүсүн суранат. Ал кыска мөөнөттө окуп, согушка жөнөтүлөт. 1944-жылдын март айында ден соолугуна байланыштуу туулуп өскөн айылына жөнөтүлөт.

Аскерден кайтып келгенден кийин Кочкор райком партияда үгүт-насыят бөлүмүндө үгүттөөчү жана инструктор, 1944-жылдан 1945-жылдын май айына чейин Тянь-Шань обкомунун кадрлар бөлүмүндө инструктор болуп үзүрлүү эмгектенет. 1945-47-жылдары айыл чарба секторунун башчысы кызматын аткарат.

Т.Буудайчиев кайсы иште иштебесин өзүн ак ниет, чынчыл, чыгармачыл адам катары көрсөтүп, жолдошторунун арасында кадыр-баркка ээ болуп, үй-бүлөсүн, ата мекенин сүйгөн адам эле. Ал өлкөгө кылган ак ниет эмгеги үчүн Кыргыз советтик социалисттик республикасынын 20 жылдыгына карата Кыргыз ССР Жогорку Советинин прездиумунун ардак грамотасы менен 1946-жылдын 27-февралында сыйланган. 1947-48-жылдары Чолпон райзаготконторанын директору, 1948-жылдан өмүрүнүн акырына чейин Сун-Ян-Сен артелинин техникалык жетекчиси болуп эмгектенген.

Анын келини Төлөнбаева Сайракан:«Кайнатам өмүрүнүн аягында “Тянь-Шань Правдасы” гезитинде да кабарчы болуп, кабарларды, макалаларды, ырларды жазыптыр. Ал кайтыш болгондо жолдошум Табылды төрт жашта экен. Кайнатамды көрбөй калдым, аны көргөн- билгендер болсо байланышсам дейм. Анын бирин-экин ырларын чогулттум.

Төлөнбай кайтыш болгондон кийин уулу Табылдыны Жайыков Чаки деген тууганы багып алат. Чаки колхоздо бригадир кызматын аркалап жүргөн адам болгон. Төлөнбаев Табылды Кара-Күңгөй айылында электромонтер болуп эмгектенип, жети балалуу болуп, 2016-жылы кайтыш болду. Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, андан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү учурунда мамлекетке ак кызмат өтөгөн Төлөнбай Буудайчиев аттуу агабыз болгон. Ал 1921-жылы Теңдик айылында туулган. Жаш кезинен бир топ кызматтарды аркалап, үзүрлүү эмгек өтөп, “Эмгек Туусу” гезитинде да бир аз убакыт редактор болгон. 1943-жылы Улуу Ата Мекендик согушка аттанып, кийин ден соолугуна байланыштуу айылына келет.

Төлөнбай атабыз калем алып, элибизди жеңишке үндөгөн макалаларды, ырларды жазып турган. Буудайчиев Төлөнбай 1949-жылдын апрелинде 28 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн өткөн», - дейт.

Төлөнбай Буудайчиевдин уулу, Кара-Күңгөй айылынын тургуну, маркум Төлөнбаев Табылдынын үй архивинде анын бул ырлары сакталып калган экен.

Бала

Бала алтын, бала бакыт,
Бар жогуңа дем берген.
Бала сыймык, көркөм,
Балдан таттуу тил келген.

Бала булбул үнү кооз,
Бала күндө түркүн сайраган.
Бала каухар, жанган чырак,
Адам моокун кандырган.

Бала атыр жыттанганда жыпардай,
Бурбай сүйлөп эчтемеден тартынбай.
Бала асыл, бала кымбат дүйнөдө,
Балаң болсо жакшы сакта асылдай.

Бала жаркын кубандырат жаныңды,
Чарчап келип эркелетип ойносоң.
Чарчаганың түк билинбей,
Демди алат бир жаның.

Бала жарык, бала күн,
Барган сайын гүлдөгөн.
Бала айым, таза каным,
Бутак салып бүрдөгөн!

Бала ысык, бала кызык,
Баркын билген биледи.
Бала асыл, бала жаркын,
Бардык адам сүйөдү!

Кубаныч

Кубаныч жандын ынагы,
Кулактын сонуң тыңары.
Кубантып жанды сүйүнткөн,
Кубаныч жүрөк булагы.

Кубанган денең жумшарып,
Курушкан чериң жазылат.
Куюлушкан турмушта,
Кубаныч моокум кандырат.

Кубанасың жаныңа,
Курулган жаңы шаарына.
Кубаныч дайым кыласың,
Колуңда жакшы баарына...

Турмушта сонун жаңылык,
Толкунданат албырып.
Төрөлсө бала жаңыдан,
Кубаныч кылдың жалбарып.

Кубанбайсың баарыга,
Куру эле иштин шартына.
Кубанасың толкундап,
Кужурап турса балаңа.

Кубанасың ичиңден,
Жакшы болсо жарыңа.
Ыгы менен иштеген,
Ылайыктуу алыңа.

Алыста жүрсөң дайыма,
Айылдын жүзүн көрө албай,
Айылыңа келсең айланып,
Ашыктар болгон адамдай!

Жалпы тууган ага-ини,
Учурашып көрүшсөң,
Сагынганың жазылып,
Кубанасың жалындай!

Кубанычым кубангын,
Кулакта жакшы улангын.
Кубантып жанды сүйүнтүп,
Кубаныч дайым тура алгын!

Майрамбек Деркенбаев

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×