Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 24.09.2018 15:26

Кочкордун Чолпон айылындагы бала бакчага 1 млн сомго колдоо көрсөтүлдү (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Чолпон айылындагы бала бакчасына Германия эл аралык кызматташтык коому (GIZ) тарабынан эмеректер берилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чолпон айылындагы «Бүчүр- Таалай» бала бакчасынын директору Таалай Садыбакасова билдирди.

Анын айтымында, «Чолпон айылында бала бакчасынын шарттарын жакшыртуу» социалдык долбоорун ишке ашыруу үчүн аталган уюмдун Fonds долбоорунан «Бүчүр-Таалай» бала бакчасына 1 млн 036 миң 739 сомдук каржылык колдоо көрсөтүлдү. Бул каражаттарга бала бакчага ашкана жабдыгы, жууркан-төшөк жана эмеректер алынып берилди. Жергиликтүү бийлик жана жамаат бала бакчага суу киргизип, санитардык шарттарды түзүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×