Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 26.09.2018 09:31

Кочкордо Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата жөө жүрүш өттү (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 25-сентябрда Кочкор районунун борбордук аянтында 5-октябрь — Кырсыктардын тобокелин азайтуу күнүнө карата Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн авариялык куткаруучу автоунаалар менен мектеп окуучуларынын катышуусунда жөө жүрүш өттү.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жөө жүрүшкө Кочкор районундагы 4 орто мектептин окуучулары катышты. Алар өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, өрттөн сактануу боюнча маалымат алышып, куткаруучу шаймандар менен иштеп көрүштү.

Буга чейин Кочкор районунун аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча 5-сентябрдан 5-октябрга чейин бир айлык жарыяланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×