Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 26.09.2018 13:19

Кочкордо 29-сентябрда манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси белгиленет (видео, сүрөт)

Turmush -  29-сентябрда Кочкор районунун Ормонхан айылында залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Нурлан Керимкулов билдирди.

Анын айтымында, учурда даярдык иштери кызуу жүрүп жатат. Мааракеде өтүүчү иш-чаралар бекитилди. Анда манасчылар таймашы, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, күрөш, көк бөрү оюндары өтүп, аларга баалуу байгелер коюлган. Айрым улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө автоунаалар берилет.

Ошондой эле эстрада жылдыздарынын коштоосунда чоң программадагы шоу концерт болмокчу. Учурда чыгармачыл жамаат манасчынын өмүр жолун сахналаштырып даярдап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×