Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 27.09.2018 09:19

Кочкорлук мушкер Б.Жекшенов Казакстандагы эл аралык мелдеште алтын тагынды

Turmush -  Кочкорлук мушкер Бекзоо Жекшенов Казакстанда биринчиликти багындырды. Бул тууралуу райондук спорт комитетинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, Казакстан Республикасынын Аягоз шаарында бокс боюнча эл аралык мелдеш болуп, ага Россия, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнөн барган мушкерлер катышты.

Мелдешке Кочкор жергесинен эки мушкер – Эмилбек уулу Ырыскелди жана Жекшенов Бекзоо барып келишкен. Жаш спортчулардын машыктыруучусу – СССР спортунун чебери Имангазиев Жаныбек.

Өлкө атынан күч сынашкан жаш мушкерлердин ичинен жердешибиз Жекшенов Бекзоо биринчиликти багындырып, Аягоз мелдешинин алтын медалына татыктуу болду. Спортчулардын барып-келүүсүнө райондук спорттук клубдар, Кочкор—Бишкек каттамынын таксисттери демөөрчүлүк кылышты. Ал эми Аягоз шаарында өткөрүлгөн мелдешке Казакстан Республикасынын Чыгыш аскер округунун командири, генерал-майор Н.Кашаганов демөөрчүлүк кылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×