Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 27.09.2018 23:34 Жаңыланды: 28.09.2018 09:40 На русском

Айыл турмушу: 67 жаштагы А.Кадыркулова гүлдөрдүн түрүн өстүрүп, алардан ырахат алат (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районунун Бирлик айылынын 67 жаштагы тургуну Аян Кадыркулова жаш кезинен бери бөлмө гүлдөрүнүн түрүн өстүрүп келет. Учурда анын үйүндө гүлдүн 20га чукул түрлөрү өсүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Аян Кадыркулова бир топ жыл мектепте мугалим болуп иштеп, азыркы тапта ардактуу эс алууда.

«Гүл — үйдүн көркү. Үйдөгү гүлдөрдүн бажырайып, гүлдөп турганын жакшы көрөм. Жаш кезимден эле гүл өстүрүүгө кызыктым. Мектепте мугалим болуп эмгектенип жүргөн убакта да чоң гүлдөрдү классыма алып барып коюп алчумун. Азыркы учурда келиним экөөбүз гүлдөрдүн бир нече түрүн өстүрүү менен алекпиз. Бирок киреше табуу үчүн эмес. Базардан жакшы гүл көрсөм, кыя өтпөй сатып алам. Сурагандарга да берем. Жыл сайын гүлдүн топурагын алмаштырып, өзгөчө көңүл буруп турам. Алыска конокко кетерде гүлдөрүмө өз колум менен суу куюп кетем», - деди каарманыбыз Аян Кадыркулова.

Анын үйүндө кара баатыр, эркектин бактысы, фикус, калатея, мирт, аихризон, агава аттуу гүлдөр бар.

«Геран гүлдөрү үйдөгү көмүр кычкылтегин сиңирип алып, абаны тазалайт. Ошондуктан үйдө геран гүлдөрүн көп өстүрөм. Гүлдөр адамдагы энергияны тартып алат. Ар бирине өзгөчө көңүл буруп, сүйлөшүп суу куюп, аздектеп багууга аракет кылам. Гүлгө жөн эле суу эле куюп койбостон, топурагына банандын кабыгын туурап көмөм. Банандын кабыгы гүлгө жакшы азык болот. Ал эми кадимки эле аспиринди жана жумурканын кабыгын талкалап, сууга кошуп сугарса, гүлдөр кулпуруп өңүнө чыгат», - деди ал.

Мугалим бөлмө гүлдөрүнөн сырткары бакчага да гүлдөрдүн түрүн өстүрөт.

«Бакчабызга да гүлдөрдү өстүрөбүз. Үйгө келген коноктор суктанып, айрымдары сүрөткө түшүп, уруктарын сурап кетет. Гүл өстүрүүдөн ырахат алам», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×