Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 27.09.2018 17:44

«Кан берүү өмүрдү сактап калат»: Кочкордо кан донорлоруна белектер тапшырылды (видео, сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда «Кан берүү өмүрдү сактап калат» аттуу акция өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, акция Кочкор кыштагынын борбордук көчөсүндө уюштурулган. Аны Кызыл жарым ай коому менен Нарын облустук кан борбору биргеликте уюштурган. Кочкор районундагы акцияга Кызыл жарым ай коомунун өкүлдөрү, райондук ден соолукту чыңдоо борбору, Кочкор аймактык ооруканасынын дарыгерлери, райондук ден соолук комитетинин мүчөлөрү катышты. Ошондой эле дайыма донор болуп кан тапшырып келе жаткан жарандарга белектер берилди. Кан тапшырууну каалаган жарандар да тизмеге алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×