Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 28.09.2018 12:44

Манасчы Сагынбайдын 150 жылдыгы: Кочкордо мааракелик иш-чараларга күнү-түнү даярдык көрүлүүдө (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунун Ормон хан айылында залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун 150 жылдыгына арналган майрамдык иш-чараларга күнү-түнү даярдык көрүлүүдө. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Белгилүү болгондой, 2018-жылдын 29-сентябрында саат 11:00дөн түнкү саат 22:00гө чейин көрүнүктүү манасчынын мааракелик иш-чаралары болмокчу. Анын алкагында 12 миң чакырымга кунан чабыш, жорго салыш, 25 миң чакырымга аламан байге атайын даярдалган аянтта калыстардын көзөмөлүндө өтмөкчү. Андан сырткары көк бөрү оюну, күрөш боюнча финал болуп, манасчылардын финалдык таймаштары өтөт. Учурда мааракелик оюндар өтүүчү талаага боз үйлөр тигилүүдө. Ошондой эле «Алптардын алпы Сагынбай» аттуу театрлаштырылган сценка үчүн аткаруучулар күн-түн бою репетиция жасашууда.

Кочкор районунун Ормон хан айылында өтө турган мааракелик иш-чараларга илимий жана чыгармачыл интеллигенциянын өкүлдөрү, белгилүү төкмө акындар, коомдук жана саясий ишмерлер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×