Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 29.09.2018 13:29

Кочкордо С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси белгиленип жатат (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 29-сентябрда Кочкор районунун Ормонхан айылында залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси чоң салтанат менен белгиленип жатат. Салтанат Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка меймандардын катышуусунда ачылды.

Мааракенин алкагында манасчылар таймашы, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, күрөш, көк бөрү оюндары өтүп, аларга баалуу байгелер тапшырылат. Ал эми айрым улуттук оюндардын жеңүүчүлөрүнө автоунаалар даярдалган. Ошондой эле эстрада жылдыздары ыр-бийлерди тартуулап жатышат.

Бул мааракеге карата манасчынын өмүр жолу сахналаштырылып көрсөтүлөт.

Тарых инсаны: Сагынбай манасчынын өмүр жолун тактоо зарыл

1868-1930-жылдары жашап өткөн залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунан «Манас» эпосу жазылып алына баштаганда ал 55 жаш куракта болчу. Манасчылык тажрыйбасы 40 жылга жетип, элдин сынынан өтүп, чыгармачылыгынын толук жетилип-бышып калган учуру болгон деп эскеришет илимпоздор.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×