Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 30.09.2018 16:56

Манасчы Д.Сыдыков С.Орозбаковдун 150 жылдыгында баш байге — 300 миң сомду жеңип алды

Turmush -  Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракесинин алкагындагы манасчылар арасындагы жарышта баш байгени Дөөлөт Сыдыков ээлеп, 300 миң сом акчалай байге менен сыйланды. Манасчы бул жолу финалда «Манас» эпосундагы Көкөтөйдүн ашындагы Жолой менен Кошойдун күрөшкөн эпизодун айткан.

«Тандоо туруна жалпы 20 чакты манасчы катышты. Жыйынтыгында баш байгени мага ыйгарышты. Ал эми финалга чыккан 4 манасчынын ар бирине 20 мүнөттөн убакыт берилди», - деди Д.Сыдыков.

Дөөлөт Сыдыков

Ал эми 1-орунду манасчы Улан Исмаилов, 2-орунду Нурбек Талантбеков ээлесе, 3-орунга Азиз Биймырза уулу татыктуу болгон.

Залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси 29-сентябрда Кочкор районунун Ормонхан айылында чоң салтанат менен белгиленди. Салтанат Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана башка меймандардын катышуусунда ачылган.

Мааракенин алкагында манасчылар таймашы, аламан байге, жорго салыш, кунан чабыш, күрөш, көк бөрү оюндары өтүп, алардын жеңүүчүлөрүнө акчалай жана баалуу байгелер тапшырылды. Ошондой эле эстрада жылдыздары ыр-бийлерди тартуулап, манасчынын өмүр жолу сахналаштырылып көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×