Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 02.10.2018 15:02 На русском

Карылар күнү: Кочкордо 100 жаштан ашкандар акчалай сыйлык менен сыйланышты (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда 100 жаштан ашкан жашоочулар акчалай сыйлык менен сыйланды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов 1-октябрь — Карылар күнүнө карата Кочкор районундагы 100 жаштан өткөн карылардын үйүндө болду. Алардын ар бирине 2000 сомдон акча, азык-түлүк салынган баштыктарды тапшырды. Бүгүнкү күндө Кочкор районунда жүз жаштан өткөн төрт аксакал, Улуу Ата мекендик согуштун эки катышуучусу бар. Ушундай эле сыйлоолор ар бир айыл өкмөттө жүргүзүлүүдө.

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги №237 «Кыргыз Республикасында балдарды, улгайган адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн» жыл сайын өткөрүү жөнүндө токтомуна ылайык облустун бардык аймактарында 15-сентябрдан 15-октябрга чейин 1 айлык акция жарыяланып, жергиликтүү бийлик, тийиштүү кызматтар жана демөөрчүлөр тарабынан карыларга камкордук, социалдык жана материалдык колдоолор көрсөтүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×