Бөлүмдөр
Шаршемби, 12-декабрь
Нарын облусуКочкор району 04.10.2018 16:52 На русском

Кочкордун башчысынын орун басары президенттин колунан ардак грамота алды

Turmush -  Кочкор райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Элмира Садыкова президенттин колунан ардак грамота алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 2-октябрда «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлгөн. Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков тапшырды.

Э.Садыкова 1966-жылы 15-февралда Ат-Башы районунун Казыбек айылында туулган. 1988-жылы азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин аяктаган. Эмгек жолун 1988-1995-жылдары эл депутаттарынын Кочкор райондук кеңешинин аткаруу комитетинин инспектору болуп баштаган. 1995-2004-жылдары Нарын шаардык №7 орто мектебинин мугалими, 2004-2005-жылдары Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси, 2005-2010-жылдары Кочкор райондук мамадминистрациясынын башкы адиси, 2010-жылдан бери Кочкор райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары болуп иштеп келе жатат. Жолдошу Улук Мамыров Кочкор райондук мамлекеттик экотехинспекциясында адис болуп эмгектенет. Анын эки уул, эки небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×