Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 09.10.2018 17:09

Курулуш материалы жыйналбаган көчө: Эл нааразы болгон тургундардын шагылын айыл өкмөт жүктөп кетеби? (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Кочкор айыл аймагындагы жергиликтүү тургундар Кочкор көчөсүндөгү жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жолдо курулуш материалдары жыйналбай жаткандыгына нааразы.

Алардын айтымында, жыйналбай жаткан курулуш материалдардын кесепетинен жөө жүргүнчүлөр жолдон өтө албай ыңгайсыз абалга кептелишүүдө.

Кочкор айыл аймагынын башчысы Рахатбек Абакиров жол жээгиндеги курулуш материалдарын жыйноо боюнча административдик комиссия түзүлүп, көчөнүн курулуш жүргүзгөн тургундарына эскертүү берилгенин билдирди.

«Эгер тургундар жыйнабаса, анда биз унаага салып жүктөп кетебиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×