Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 15-октябрь
Нарын облусуКочкор району 10.10.2018 12:49

Жаныбек Имангазиев Кочкор райондук балдар-уландар спорт мектебинин директору болду

Turmush -  Имангазиев Жаныбек Бейшекеевич Кочкор райондук балдар-уландар спорт мектебинин директору болуп дайындалды.

Ж.Имангазиев 1971-жылы Кочкор айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтун бүтүргөн. Эмгек жолун 1989-жылы Кочкор райондук балдар жана өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп иштөөдөн баштаган. Өспүрүм кезинен бокс менен машыгып, 1986-87-жылдары Кыргыз ССРинин чемпионатына катышып, 2-орунду, 1988-жылы Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры Д.Шопоковдун элесине арналган эл аралык турнирде 1-орунду камсыз кылып, СССР спортунун чебери деген наам алган.

1993-96-жылдары бокс боюнча Кыргыз Республикасынын чемпиону болгон. 1994-жылы Таиланд өлкөсүндө өткөн дүйнө кубогунун, 1995-жылы Германияда өткөн дүйнө чемпионатынын катышуучусу болгон.

Ж.Имангазиев бир катар жылдардан бери машыктыруучу болуп үзүрлүү эмгектенүүдө. Ал көптөгөн өспүрүм балдарды республикалык жана эл аралык мелдештерге активдүү катыштырып, бир нече чемпиондорду өстүрүп тарбиялаган.

Үй-бүлөлүү, беш баласы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×