Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 16.10.2018 10:22 На русском

Видео, сүрөт — Кочкордо коомдук ишмер Бейшенбек Иманалиев 7 млн сомго эс алуу комплексин курду

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кум-Дөбө айыл аймагындагы Ак-Жар айылында «Иманалы ата» атындагы гүлбакча ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, бул гүлбакчаны «Имарат Строй» курулуш компаниясынын президенти, коомдук ишмер, куруучу Бейшенбек Иманалиев өз каражатына 7 миллион сомго курган. Анын ачылышына Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, айыл аксакалдары катышып, заманбап эс алуу жайын куруп берген Бейшенбек Иманалиевге ыраазычылыгын билдиришти.

Отуз сотых аянтка элдер эс ала турган гүлбакча жасалып, жарым миллион сомго көчөттөр тигилип, гүлбакчанын алдында унаа токтотуучу жай орун алган. Бактарды сугаруу үчүн жерден суу казылып чыгарылып, суу сордуруучу күчтүү мотор коюлган. Бакты карап, сугарып туруучу адамдардын айлыгын да Бейшенбек Иманалиев өзү төлөп турмакчы. Жерди түздөп, ага атайы бир нече хоба, Чүйдөн кара топурак алып келинип төгүлүп, көк шибер чөп өстүрүлгөн. Адамдар жүрүүчү жолдоруна атайын таштамандар коюлган. Дарбазадан кире берүүчү жерге Дыйкан уулу Иманалынын айкели тургузулуп, кыскача өмүр жолу жазылган. Эми жакында бул жерге интернет тартылганы да турат.

Иманалы Дыйкан уулу 1884-жылы Кочкор өрөөнүндөгү Ак-Жар айылында жарык дүйнөгө келип, 1961-жылы каза болгон. Ал айылдык молдодон арабча окуп, актан кара таанып, кийин орус-тузем мектебинде билим алган. Ошондой эле, орусча шар сүйлөгөн билимдүү адам болгон. Бирок, беш убак намазын да окуп, ыйман жолун да бекем сактаган.

Кийин Чекилдекке мечит курдуруп, бак тигип, ага өзү имам болуп бала окуткан. 1927-жылы колхоздоштурууда биринчилерден болуп өзүнүн жана бир туугандарынын малын өз ыктыяры менен өткөрүп берген. Ак-Жар аймагына Кайнар деген колхоз уюшулуп, колхоздун малынын 70-80 пайызы Иманалынын малынан куралган.

Иманалы орус тилин билген үчүн почточу да болуп иштеген. Ал өзгөчө касиеттүү адам болуп, курандын дубасы аркылуу дем салып, тиши ооругандарды дарымдап айыктыргандыктан, алыскы жактардан бери ага көрүнүп дарылангандардын аягы үзүлгөн эмес.

Иманаалы ата Ак-Жардан үч гектарга жакын жер аянтын бөлдүрүп алып, Чүйдөн 300дөн ашык байтеректин көчөтүн алып келип отургузуп өстүргөн. Ал теректер Иманалынын багы деп аталып калган. Бул бактар тигилгенден бери жүз жылга чукулдады. Кийин бактын айрым бөлүктөрү кыркылып ордуна мектеп, клуб курулуп, азыр 14 түп чынар терек бой тиреп өсүп турат. Бактын жанында Иманалынын үйү болгон. Ушул үйдө Бейшенбек Иманалиев төрөлүп өскөн. Кийин 2003-жылы үйдүн ордуна мечит курулган.

Бейшенбек Иманалиев «Имарат Строй» курулуш компаниясынын президенти. Ал буга чейин Ак-Жар айылындагы мечитти да оңдоодон өткөрүп, жылуулук менен камсыз кылып берген. Ал мындан башка да кайрымдуулук иштерди жасап, муктаждарга кол сунуп келет жатат. Алар:

- 2006-жылы жер титирөөдө Ак-Жар орто мектеби жараксыз болуп, окууга мүмкүндүк болбой калган. Ошондо Бейшенбек Иманалиев жетектеген «Имарат Строй» курулуш компаниясы жаңы мектептин курулушун өз колуна алып, Ак-Жарга заманбап, бардык шарты бар 275 орундуу мектепти төрт айда, абдан сапаттуу курулуш каражаттары менен куруп берди;
- Мектеп курулгандан бери жыл сайын Ак-Жар орто мектебинин бүтүрүүчүлөрүнүн ар бирине 3000-4000 сомдон стипендия берип келе жатат;
- Жыл сайын бирден жакыр үй-бүлөнүн баласын жогорку окуу жайдагы беш жылдык чыгымын өзү төлөп, каржылап окутууда;
- Ак-Жар айылындагы бир жаран ооруп жатканда 150 миң сомго дарылатып берген;
- Айылдагы колунда жокторго элүү миң сомдук асыл тукум уйлардан сатып берген.

«Имарат Строй» курулуш компаниясы эл аралык «Жылдын тандоосу» сынагында «Кыргызстандагы №1 курулуш компаниясы-2014» номинациясын жеңип алган. Ошондой эле, Швейцарияда өткөн европалык XII эл аралык сынагынын баш байгесин жеңип алган Кыргызстандагы жалгыз бирикме. Бул компания салган үйлөр өзүнүн сапаты, шаардын көркүн ачкан көркөмдүгү менен айырмаланып, элдин сынынан эбак өткөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×