Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 16.10.2018 11:10

Нарындагы тарыхчылар петроглифтердин уурдалып, кордолушуна тынчсызданууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун аймагында тарыхый жерлердеги петроглифтер, таш эстеликтердеги жазуулар уурдалып, кордолуп келет. Бул тууралуу облустун тарыхчылары билдиришти.

Тарыхчы Кайырбек Коңурбаевдин айтымында, тарыхый жерлерге келгендер петроглифтердин, таш эстеликтердин беттерине ар кандай жазууларды жазып кетишүүдө.

«Ата-бабаларыбыз бул мурастарды көздүн карегиндей сактап келишкен. Азыр үйлөрүнө кооздукка да ташып кетип жатышат. Кочкор районунун аймагында мындай баалуулуктар такыр эле калбай калмай болду. Угушума караганда, казактарга да сатып башташыптыр. Мындайды кантип токтото алабыз?», - деди Коңурбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×