Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-ноябрь
Нарын облусуКочкор району 16.10.2018 11:25

Бала тили — бал: Чоңойгондо банкта иштейм, - 5 жаштагы Арууке (сүрөт)

Turmush -  Кичинекей балакайлардын айлана-чөйрөгө көз караштары кандай? Алар сүйүүнү, жаман-жакшыны, таарыныч-сагынууну кандай түшүнүшөт? Ата-энелер жашоо-тиричилик менен жүрүп, балдарынын ой жүгүртүүлөрүн аңдабай калышы мүмкүн. Бул жолку каарманыбыз ата-энеси менен Кочкор районунда жашаган 5 жаштагы Арууке.

Ал интернеттен англис тилинде түстөрдү айтканды жана бешке чейин санаганды үйрөнүп алган. Сүрөт тартканды да жакшы көрөт.

- Чоңойгондо ким болосуң?

- Банкта иштейм. Анан сүрөт тартам. Акчамды элдерге беришип турам.

- Миллион акчаң болсо эмне кылмаксың?

- Планшет алам. Кафеге кийгенге көйнөк алам.

- Атаң эмне жумушта иштейт билесиңби?

- Атам өрт болбосун, суу каптап кетпесин, тоодон чоң таш кулабасын, бак кулап кетпесин деп МЧСте (Кочкор райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүндө ) иштейт.

- Кыргызстан каякта?

- Кыргызстан – биздин Нарыныбыз. Ал жакта президент, орустар жана энем бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×